Бишкекте шаар көркүн бузуп, 30 жыл мыйзамсыз турган гараждар алынды

12 июль 2023 10:00 1201 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте 30 жыл мыйзамсыз турган гараждар алынууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, борбор калаадагы Жусуп Абдрахманов 145 дарегинде 30 жылдан бери мыйзамсыз коюлуп келе 21 гараж алынды. 

Алуу иштери жол куруу максатында жүргүзүлүүдө.

“Жеринде Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын  кызматкерлери Свердлов районунун акимиатынын, Свердлов районунун ИИБнин кызматкерлери жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жумушчулары менен биргеликте иш алып барды.

Алуу иштеринин натыйжасында 260 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду.

Буга чейин Башкармалык тараптан муниципалдык аймакты мыйзамсыз орнотулган объекттерден, уруксатсыз имараттардан жана курулмалардан бошотуу боюнча эскертүүлөрдү берилген”, -деп айтылат маалыматта. 





Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-shaar-krkn-buzup-30-zhyldan-beri-myjzamsyz-turgan-garazhdar-alyndy



Добавить комментарий