Бишкекте Россиянын «Спутник V» вакцинасынын биринчи дозасы түгөндү
Бөлүшүү:
Бишкекте Россиянын «Спутник V» вакцинасынын биринчи дозасы түгөндү. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык көзөмөл борборунун врач-иммунологу Нарынкуль Орозакунова билдиргенин “Барометр” маалымдайт.
“Биз азыр Кытайдын «Синофарм» жана Британиянын AstraZeneca вакцинасын колдонуп жатабыз”,-деп айтты ал.
Кыргызстанга баардыгы болуп 120 миң доза «Спутник V» вакцинасы келген.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-rossiyanyn-sputnik-v-vakcinasynyn-birinchi-dozasy-tgnd
Добавить комментарий ×