Бир миллиондон ашык кыргызстандык эмделди
Кыргызстанда 1 миллиондон ашык адам коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Аталган кабарга таянсак, өткөн суткада эле 11 979 адам эмделсе, анын ичинен 6 054 адам биринчи доза, 5 925 адам экинчи дозаны алышкан.
Баардыгы болуп республикада 1 миллион 8 607 кыргызстандык биринчи доза, 782 миң 193 адам экинчи доза менен эмделди.
Эскерте кетсек, өлкөдө 3,4 миллион адам эмдөө алышы керек.Аталган топко 18 жашка чейинкилер жана чет өлкөдө жүргөн мигранттар кирген жок. Жамааттык иммуниттетти пайда кылыш үчүн калктын 70 пайызы эмделиши керек.
Ссылка: https://barometr.kg/bir-milliondon-ashyk-kyrgyzstandyk-emdeldi
Добавить комментарий ×