Бишкекте пенсионерлерге автобус, троллейбустарда бекер жүрүү үчүн карточка бериле баштады

8 октябрь 2018 15:15 1364 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарындагы пенсионерлер үчүн коомдук автобус жана троллейбустарда бекер жүрүү үчүн атайын карточка берилет. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.  

Маалым болгондой, карточканы шаардык каттоодо турган пенсионерлер паспорту менен алууга болот жана берилген карточканын жарактуулугу чектелбейт.  Мындай артыкчылык,   I, II, III, топтогу  мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга да берилет. Ал эми бул карточканы Бишкек троллейбус башкармалыгынын дарегинен алууга болот. Дарек Московский көчөсү №237 экинчи, төртүнчү күндөрү саат 9:00дөн 16:00 гө чейин иштейт.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-pensionerlerge-avtobus-trollejbustarda-beker-zhr-chn-kartochka-berile-bashtady



Добавить комментарий