Бишкекте пара алып жатканда ИИМдин кызматкери кармалды
Пара талап кылуу фактысы боюнча Ички иштер министрлигинин кызматкери кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Кечээ, 12-ноябрда УКМК жана ИИМ Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 30 миң сом өлчөмүндө пара алып жатканда, Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкери «З.Ж.А.» кармалды.
Кармалган адам арыз ээсине карата сотко чейинки процессте жоопко тартылбаганы үчүн 100 миң сом өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталды.
Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгүндө (Пара талап кылуу) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-para-alyp-zhatkanda-iimdin-kyzmatkeri-karmaldy
Добавить комментарий ×