Бишкекте орточо айлык 20 миң сомду түздү

14 сентябрь 2018 15:05 4007 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте биринчи жарым жылдыкта орточо айлык 20 миң сомду түздү. Бул тууралуу муниципалитеттин экономика жана каржы бөлүмүнүн жетекчиси Рашид Ибрагимов билдирди. 

Анын айтымында, жашоого зарыл болгон минималдык сумма 4 миң 700 сом болду.   Жыл башынан бери жаңы 4 миң жумушсуз адам катталса, 3 миңи иш орундары менен камсыз болгон.  

Белгилеп кетсек, республика боюнча маянанын орточо суммасы 15 миң сомго жетет.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-ortocho-ajlyk-20-mi-somdu-tzd



Добавить комментарий