Бишкекте оңдолуп жаткан көчөлөр октябрь айында аяктайт

14 сентябрь 2018 15:35 923 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектеги жолдорду калыбына келтирүү иштери октябрда жыйынтыкталат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.    

Маалым болгондой, оңдоо иштери эки долбоор менен ишке ашырылат. Анын бири дээрлик аяктап калды. Андан кийин экинчисине киришүү үчүн даярдыктар башталат.  

Белгилеп кетсек, Бишкектин көчөлөрү бир нече жылдан бери кытайлык гранттын эсебинен оңдолууда. Алсак, жазында 37 көчө ремонтко бир убакта жабылган. Анын басымдуусу колдонууга берилди.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-odolup-zhatkan-kchlr-oktyabr-ajyndy-ayaktajt



Добавить комментарий