Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери акча уурдоого шектүү жаранды кармады

10 декабрь 2020 12:46 2679 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери маршруткадан акча уурдаады деген шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет 

Кечээ, 9- декабрда  болжол менен саат 20:40 чамасында Бишкек ШИИББнын "102" кызматына акчамды уурдап кетти деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 1994-жылы туулган У. А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 20:20 чамасында Аламүдүн базарынан  маршруттук таксиге отурган  учурда, ичинен 10 000 сом өлчөмүндө акчасын уурдатып  жиберген. Акчасын таап берүүнү кайгуул кызматкерлеринен өтүнгөн.

Жазылган арыздын негизинде Милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, натыйжада кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1990-жылы туулган О. Э. аттуу жаранды кармашып, Свердлов райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Бул факты боюнча Свердлов райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүрүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-miliciyanyn-kajguul-kyzmatkerleri-akcha-uurdoogo-shekt-zharandy-karmady



Добавить комментарий