Бишкекте милиция кызматкери кафеде жаранга ок чыгарганга аргасыз болду

13 сентябрь 2018 15:05 1730 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте милиция кызматкери кафеде жаранга ок чыгарды. Бул маалыматты Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалым болгондой, окуя бүгүн, 13-сентябрга караган түндө Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан   «Империя пицца» кафесинин жанында болгон. Милиция кызматкери эркекке табелдик тапанчасынан ок чыгарды. Анын абалы тууралуу маалымат түшө элек.  Учурда кызматтык териштирүү жүрүп жатат. Иштин материалдары прокуратурага өткөрүлдү.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-miliciya-kyzmatkeri-kafede-zharanga-ok-chygarganga-argasyz-boldu



Добавить комментарий