Бишкекте мэр шайлоого каршы активисттер шаардык кеңештин тарашын талап кылышат

8 август 2018 19:20 847 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бишкек мэрин шайлоого каршы активисттер шаардык кеңештин тарашын талап кылышат. Бул тууралуу Barometr.kgге уюштуруучулар кабарлады. 

Маалым болгондой, бүгүн борбор калаа башчысын шайлоого утурлай активисттер митинг өткөрөт. Алар шаар мэриясынын алдына чыгып, мамлекеттик деңгээлдеги ири шаар башчыларын, Бишкек жана Ош мэрлерин түз шайлоо талабын коймокчу. Уюштуруучулар Бишкек шаардык кеңешин таратууну да талап кылмакчы. 

Буга чейин Бишкек мэрлигине жалгыз талапкер чыгып, шайлоо атааңдашсыз өтүп жатканына нааразы болгон активисттер 6-августта акция өткөрүшкөн болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-mer-shajloogo-karshy-aktivistter-shaardyk-keeshtin-tarashyn-talap-kylyshat



Добавить комментарий