Бишкекте медициналык колледждин директору абитурентти окууга өткөрүү үчүн 25 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды
Бишкекте медициналык колледждин директору абитурентти окууга өткөрүү үчүн 25 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 10-сентябрында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына А.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал Бишкектеги медициналык колледждин директоруна абитуриентти окууга өткөрүү үчүн 30 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын бергендигин жана дагы 25 миң сом пара талап кылганын билдирген. Жабырлануучу медициналык колледждин директоруна, тиешелүү чара көрүүнү суранган.
“Арыздын негизинде кылмыш иши козголуп, 12-сентябрда медициналык окуу жайдын жетекчиси Р.Н. аттуу жаран 25 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.
Каржы полициясы шек жараткан сунуштарга макул болуп, пара бербөөгө чакырат. Кандайдыр бир кызматкерлер пара талап кылса, токтоосуз 1955 кыска номерине же 0312 32-30-91, 0312 32-37-07 номерлерине кабарлоону сунуш кылат.
Добавить комментарий ×