Бишкекте мас киши үчүнчү кабаттан секирип кетти – видео

2 март 2020 13:32 708 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте мас киши көп кабаттуу үйлөрдүн биринин үчүнчү кабатынан секирип кетти. Бул тууралуу окуянын күбөсү билдирди.

Ал жарыялаган видеодо жерде жаткан кишини дарыгерлер тегеректеп турганын көрүүгө болот.

Видеодо ошондой эле мас башка кишинин ары жакта турган жаран менен кайым айтышып жатканы угулат.

Күбөнүн айтымында, ал киши ооруканага баруудан баш тартып, үйдүн алдында чуру-чуу салып, милициянын капитаны жана атайын кызматта иштерин айтып, элдин тынчын алган.


Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-mas-kishi-chnch-kabattan-sekirip-ketti-video



Добавить комментарий