Бишкекте маршрутканын айдоочусу кемпирди коюп кетип, ал каза болду
Бөлүшүү:
Бишкектеги Аламүдүн-1 аймагынан маршрутканын айдоочусу кемпирди коюп кетип, ал окуя болгон жерден каза болду. Бул тууралуу күбө билдирди.
Бишкек шаардык Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы кырсык бүгүн, 29-январда, саат түшкү экилер чамасында Көлбаев менен Чолпон-Ата көчөлөрүнүн кесилишинде болгонун ырастады.
Алдын ала маалымат боюнча №152 каттамдын айдоочусу бурулуп жатканда кемпирди коюп кеткен. 1944-жылы туулган аял окуя болгон жерден каза болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-marshrutkanyn-ajdoochusu-kempirdi-koyup-ketti
Добавить комментарий ×