Бишкекте маршруткалардын саны көбөйөт
Бишкекте микроавтобустардын саны көбөйөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.
Аталган маалыматка таянсак, аба ырайынын кескин суук болуп кетишинен улам жана жүргүнчүлөрдүн саны көбөйгөндүктөн шаардык транспорт башкармалыгы каттамдарды узартып жана көбүрөөк бусиктерди каттамга чыгарууну чечти.
“Баш калаанын транспорттук ишканаларынын жетекчилерине микроавтобустук санын жогорулатуу же болбосо автобустардын каттамдарын узартуу тууралуу сунуш алып келүү тапшырылды. Кечээ бир нече жүргүнчү тарткан фирмалар кичи автобустардын санын көбөйтүү сунуштарын айтышты”,-деп билдиришти мэриядан.
Анын натыйжасында № 120, 195, 200 жана 106-каттамдагы маршруткалардын саны көбөйтүлдү. Буга чейин токтоп калган № 9 автобустук каттамдын кыймылынын схемасы өзгөртүлдү.
Мэриядан коомдук транспорттун айдоочулары жасаган эреже бузуулар болсо шаардык транспорт бөлүмүнүн 0312533648 линиясына байланышууну өтүнүштү.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-marshrutkalardyn-sany-kbjt
Добавить комментарий ×