Бишкекте “Лексус” унаасы сүзүп кеткен жүргүнчү каза тапты
Бөлүшүү:
Бишкекте жөө жүргүнчүнү унаа сүзүп кетип каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда Патрулдук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Болжол менен 14-октябрда саат 11лер чамасында Lexus RX350 унаасынын айдоочусу Жукеев-Пудовкин көчөсү менен бара жатып жөө жүргүнчүлөр өтө турган өтмөктөн 1977-жылы туулган Т.Н. аттуу жаранды унаасы менен койдуруп кеткен. Андан соң жолдун жээгинде токтоп турган «Мерседес» унаасын барып сүзгөн.
Жөө жүргүнчү кырсык болгон жерде көз жумду.
“Лексус” унаасын 1999-жылы туулган Т.У. башкарып бара жаткан.
Учурда экспертиза дайындалды.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-leksus-unaasy-szp-ketken-zhrgnch-kaza-tapty
Добавить комментарий ×