Бишкекте “Лексус” унаасы сүзүп кеткен жүргүнчү каза тапты

15 октября 2021 12:30 3360 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте жөө жүргүнчүнү унаа сүзүп кетип каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда Патрулдук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Болжол менен 14-октябрда  саат 11лер чамасында Lexus RX350 унаасынын айдоочусу Жукеев-Пудовкин көчөсү менен бара жатып жөө жүргүнчүлөр өтө турган өтмөктөн 1977-жылы туулган Т.Н. аттуу жаранды унаасы менен койдуруп кеткен. Андан соң жолдун жээгинде токтоп турган «Мерседес» унаасын барып сүзгөн.

Жөө жүргүнчү кырсык болгон жерде көз жумду.

“Лексус” унаасын 1999-жылы туулган Т.У. башкарып бара жаткан.

Учурда экспертиза дайындалды.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-leksus-unaasy-szp-ketken-zhrgnch-kaza-tapty



Добавить комментарий