Бишкекте куткаруучулар жабылып калган батирден эркек кишинин сөөгүн табышты
Бөлүшүү:
Бишкекте куткаруучулар жабылып калган батирдин ичинен эркек кишинин өлүгүн табышты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып “Барометр” билдирет.
Кечээ, Октябрь районунда КР ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Юнусалиев көчөсүндө жайгашкан батирдин жабылып калган эшигин ачып беришкен. Андагы батирдин ичинен 1952-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылды.
Маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилди.
Учурда өлүмдүн себеби такталууда.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-kutkaruuchular-erkek-kishinin-zhansyz-denesin-tabyshkan
Добавить комментарий ×