Бишкекте курулуш компаниянын жетекчиси алдамчылыкка шектелип кармалды

25 октябрь 2022 13:31 686 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте алдамчылыкка шектелип курулуш компаниянын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматына таянып “Барометр” билдирет.

Жабырлануучунун айтымында, ал 2021-жылдын июнь айында курулуш компаниясынын башкы директоруна Чүй облусунда курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн батир алуу үчүн 69 600 доллар берген.
“Бирок ал убадасын аткарбагандыктан, 2022-жылдын 11-августунда милицияга кайрылган.

Бул факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен электрондук журналга катталды.

Октябрь РИИБнин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1987-жылы туулган Э.Н. кармалды. Ал эки айга СИЗО-1ге киргизилген”, -деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-kurulush-kompaniyanyn-zhetekchisi-aldamchylykka-shektelip-karmaldy



Добавить комментарий