Европадагыдай заманбап. Бишкекте кургак учукка каршы оорукана жакында ачылат

25 январь 2023 18:35 1254 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте кургак учукка каршы курулган жаңы оорукана февраль айында ачылат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы Республикалык перинаталдык борбордун курулушунун жүрүшү менен таанышты.

“Медициналык мекеменин курулушу Германия өнүктүрүү банкынын (KFW) гранттык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүдө.

Дүйнөлүк стандартка ылайык курулган перинаталдык борбор заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылат. Медициналык мекемеде ар кандай патологиялар жана оорунун өрчүп кетүүсүнөн улам келип чыккан татаал операциялар жасалат. Ооруканада 203 бейтапка орун каралган. Борбор ушул жылдын экинчи жарымында ишке берилиши күтүлүүдө”, -деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кош бойлуу мезгилде патологияга чалдыккан аялдарга жана патологиясы бар жаңы төрөлгөн ымыркайларга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында Ош жана Талас облустарында ушундай перинаталдык борборлор курулат.

Акылбек Жапаровдун айтымында, быйылкы жылы республиканын аймактарында 7 заманбап оорукана курулат.

“Андан соң Акылбек Жапаров Германия өнүктүрүү банкынын (KFW) гранттык каражатынын эсебинен курулган шаардык кургак учукка каршы жаңы ооруканасына барды. Оорукана 128 бейтапка ылайыкталган.

Учурда мекемеге медициналык жабдуулар орнотулуп, анын ачылышы үстүбүздөгү жылдын февраль айына пландалууда”, -деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-kurgak-uchukka-karshy-128-bejtapka-ylajyktashtyrylgan-zhay-oorukana-zhakynda-achylat



Добавить комментарий