Бишкекте коронавирус менен ооругандар азайды

21 сентябрь 2021 09:37 1826 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте коронавирус менен ооругандар азайып жатат. Бул тууралуу брифингде Октябрь райондук бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Асель Тенизбаева билдиргенин “Барометр” маалымдайт.

Анын айтымында, 1-январдан тартып бүгүнкү күнгө чейин Бишкекте коронавирус менен ооруган 54 094 учур катталып, 47 820 учур лабораториялык түрдө тастыкталып, 6274 адамдан оору клиникалык мүнөздө ырасталган.

21-сентябрга карата коронавирус менен ооруган 36 учур катталды.

Бишкекте 9 мобилдик бригада иштеп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-koronavirus-menen-oorugandar-azajdy



Добавить комментарий