Бишкекте коомдук транспорт иштеп жатат
Бөлүшүү:
Бишкекте коомдук транспорт — автобус жана троллейбустар каттап жатат. Бул тууралуу күбө билдирди.
Анын айтымында, автобустар элди кадимки тартипте эле ташып жатат.
Белгилей кетсек, 22-мартта Бишкек мэриясы маршруткалардын каттоосуна чектөө киргизген болчу.
Мындай кадамдар коронавирустун алдын алуу үчүн жасалууда.
Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Бишкек шаарында учурда троллейбус менен автобустар иштеп жатканын маалымат жыйында билдирди. Ал ошондой эле шаар аралык каттаган маршруткаларды азайтуу боюнча аракеттер болуп жатканын белгиледи.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-koomduk-transport-ishtep-zhatat
Добавить комментарий ×