Бишкекте команданттык сааттын режимин экинчи күнү 146 киши бузду

27 март 2020 09:49 1057 Barometr
Бөлүшүү:
ok

26-мартта саат 20:00дөн 27-мартта саат 7:00гө чейинки аралыкта борбор калаада тартип бузган 146 жаран кармалды. Алардын ичинде 13 аял, 133 эркек, анын ичинде 1 чет элдик жаран бар. Бул тууралуу Бишкектин коменданты, ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев маалымат жыйында билдирди.

Белгилей кетсек, команданддык сааттын биринчи күнү Бишкек шаарында 195 адам эреже бузган болчу. 

Бишкек шаарында 25-марттан тарта команданттык саат киргизилип, ал кечки саат 20:00дөн эртең мененки саат 7:00гө чейин болот.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-komandanttyk-saattyn-rezhimin-ekinchi-kn-146-kishi-buzdu



Добавить комментарий