Бишкекте жаш баланы уурдап кетишкен жигиттер кармалды
Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери киши уурдоого шектүү жарандарды аныктады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
"Кечээ, 3-майда болжол менен саат 16:40 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Бишкек шаарынын Көлбаев көчөсүнөн жаш баланы уурдап кетишти деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда ошол эле даректен 2004-жылы туулган У.Ж. аттуу жаранда белгисиз болжол менен жашы 20-25 курактага балдар күч колдонуп, белгисиз авто унаага салып кетишкендиги аныкталган.
Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе, кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган С.И., 1997-жылы туулган У.К. жана 1992-жылу туулган А.Н. аттуу жарандарды кармашып, Свердлов райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.
Бул факты Свердлов райондук ИИБнын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КРнын жазык кодексинин 170-берененин (Киши уурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды",- деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-kishi-uurdoogo-shektlr-karmaldy
Добавить комментарий ×