Бишкекте Казакстандын археологиялык артефакттарынын көргөзмөсү ачылды
Бөлүшүү:
Бишкекте Казакстандын маданият күндөрүнүн алкагында археологиялык артефакттардын көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы маалымдаганын “Барометр” кабарлайт.
Көргөзмөгө Казакстандын белгилүү археологиялык табыгасы болгон “Алтын адам” коюлду.
Ошондой эле Казакстандын сүрөтчүлөрүнүн живопистери менен скульптуралык үлгүлөрү көргөзмөдө көрсөтүлөт.
Иш-чара Казакстандын «Туран» фольклордук этнографиялык ансаблининин концерти менен коштолду.
Көргөзмө 8-октябрдан 14-октябрга чейин уланат.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-kazakstandyn-arheologiyalyk-artefakttarynyn-krgzms-achyldy
Добавить комментарий ×