Бишкекте карызын төкпөгөн 8 миң абонент жарыксыз калат
Бөлүшүү:
Бишкекте карыздан улам 8 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ачык акционердик коомунун басма сөз кызматы кабарлады.
29-мартта “Түндүк электр” ишканасынын автоматташтырылган маалыматтык-өлчөөчү көзөмөл жана электр энергиясын каттоо системасы өз маалында электрге акча төкпөгөн 8 миң абоненттин жарыгын өчүрөт. Керектөөчүлөр компанияга 12,5 миллион сом карыз болушкан.
Жумуш эмес күндөрдө ыңгайсыздыктар пайда болбош үчүн “Түндүк электр” абоненттерге электр жарыгынын акчасын өз маалында төгүүнү сунуштайт.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-karyzyn-tkpgn-8-mi-abonent-zharyksyz-kalat
Добавить комментарий ×