Бишкекте кампадан өрт чыкты

6 ноябрь 2018 10:30 960 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Свердлов районунда 2018-жылдын 5-ноябрь күнү саат 21:56да Элебесов  көчөсүнүн №155 дарегинде жайгашкан 3 кабатуу контейнерден салынган  “Дениз Текстиль” кийим жана кездеме сактоочу кампадан өрт чыккан. Жабыркагандар жок.

Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин Свердлов райондук №3 аскерлештирилген өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, Ленин райондук №8 аскерлештирилген өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, Свердлов райондук №2 аскерлештирилген өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, Ленин райондук №6 аскерлештирилген өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, Октябрь райондук №5 аскерлештирилген өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, Штаб, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ, КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан 4 унаа менен 40 кызматкер, Суу чарба башкармалыгынан 1 суу ташуучу унаа, Чыгыш РЭТтен 1 бригада, Газ чарба кызматынан 2 унаа 5 кызматкер тартылган.

Тартылган күчтөрдүн жардамында 5-ноябрь күнү саат 23:29да өрт чектөөгө алынып, 6-ноябрь күнү саат 05:10до толук өчүрүлгөн.  

Өрттүн кесепетинен кийим жана кездеме сактоочу жай толугу менен күйгөн. Жалпы аянты  болжол менен 900 м2  күйгөн. 

Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-kampadan-rt-chykty



Добавить комментарий