Бишкекте кампадан өрт чыкты
Свердлов районунда 2018-жылдын 5-ноябрь күнү саат 21:56да Элебесов көчөсүнүн №155 дарегинде жайгашкан 3 кабатуу контейнерден салынган “Дениз Текстиль” кийим жана кездеме сактоочу кампадан өрт чыккан. Жабыркагандар жок.
Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин Свердлов райондук №3 аскерлештирилген өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, Ленин райондук №8 аскерлештирилген өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, Свердлов райондук №2 аскерлештирилген өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, Ленин райондук №6 аскерлештирилген өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, Октябрь райондук №5 аскерлештирилген өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, Штаб, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ, КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан 4 унаа менен 40 кызматкер, Суу чарба башкармалыгынан 1 суу ташуучу унаа, Чыгыш РЭТтен 1 бригада, Газ чарба кызматынан 2 унаа 5 кызматкер тартылган.
Тартылган күчтөрдүн жардамында 5-ноябрь күнү саат 23:29да өрт чектөөгө алынып, 6-ноябрь күнү саат 05:10до толук өчүрүлгөн.
Өрттүн кесепетинен кийим жана кездеме сактоочу жай толугу менен күйгөн. Жалпы аянты болжол менен 900 м2 күйгөн.
Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-kampadan-rt-chykty
Добавить комментарий ×