Бишкекте кайгуул кызматкерлери кичинекей кызды уурдап кеткен жаранды кармады
Милициянын кайгуул кызматкерлери үч жаштагы кызды уурдап кеткен жаранды кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Бүгүн, 8-апрелде болжол менен саат 13:36 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Горький жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинен кичинекей кызды уурдап кетти деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1988-жылы туулган В.И. аттуу айым арыз менен кайрылган. Анда жарандык никедеги жолдошу арыз ээсинин 2018-жылы туулган кызын “BMW X5” үлгүсүндөгү авто унаага салып, уурдап кеткен.
Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, аталган авто унааны кармоо боюнча өздүк курамга багыттама берилип, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1982-жылы туулган Ш.Ф.аттуу жаранды кармашып, Октябрь райондук Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.
Азыркы учурда Октябрь райондук ИИБгы тарабынан андан аркы тийешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-kajguul-kyzmatkerleri-kichinekej-kyzdy-uurdap-ketken-zharandy-karmady
Добавить комментарий ×