Бишкекте санитардык эрежелерди бузгандарга 1 млн сомго айып пул салынды

7 август 2020 11:29 1343 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Июль айында санитардык эрежелерди бузгандарга 400 миң сом айып пул салынган. Бул тууралуу Бишкек мериясынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы көрктөндүрүү эрежелерин, коомдук жайларда тартип жана тазалыкты бузгандар менен күрөшүүнү улантып, пандемия шарттарында санитардык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

"Июль айында гана эрежелерди бузган ишкерлерге КРнын “Бузуулар жөнүндө” кодексинин 293 беренеси боюнча 395 миң сом айып пул салынды. Көбүнчө кафе, тез тамактануу жайлары санитардык эрежелерди бузган. Убактылуу режим киргизилгенден тартып СЭИ инспекторлору 289 берене боюнча жалпысынан 1 миллион 287 миң сомго айып пул салган", - деп айтылат маалыматта.

Санитардык текшерүүлөр дагы улантылууда.



Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-iyulda-ajyp-pul-400-mi-somgo-zhetti



Добавить комментарий