Бишкекте ички иштер органдары саптык кароодон өтүштү

25 август 2018 04:50 1548 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте ички иштер органдары саптык кароодон өтүштү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов билдирди.  

Маалым болгондой, бүгүн  24-августта шаардын эски аянттындагы Өкмөт үйүнүн алдында Бишкек гарнизонунун ички иштер органдарына саптык- тескеме өтүлдү. Салтка айлангандай, милиция бөлүмдөрүнүн саптык кароосунда ИИОнун кызматкерлеринин коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызматтык милдеттерин аткаруудагы, андан сырткары саптык даярдыгы, сырткы келбети текшерилди. Ошондой эле саптык кароо-тескемесин ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиевдин, министрдин орун басарларынын, Бишкек ШИИББдин жетекчилеринин, ИИОнун ардагерлеринин, коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлдү. Саптык кароонун аягында милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактоого өз кызмат ордуларына жиберилди.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-ichki-ishter-organdary-saptyk-karoodon-tsht



Добавить комментарий