Бишкекте гипермаркетте иштеп коронавирус жуктурган кызматкер 48 адам менен байланышта болгон
Бөлүшүү:
Бишкекте гипермаркетте иштеп коронавирус жуктуруп алган кызматкер 48 адам менен байланышта болгон. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вицэ-мэри Татьяна Кузнецова маалымат жыйында билдирди.
"Ошондуктан шаар тургундарын көп адам чогулган жайларга барбоого жана өтө зарыл болгон учурда гана үйдөн чыгууга чакырам”, - деди ал.
Эске салсак, сөз "Вефа" соода борборундагы "Фрунзе" гипермаркети тууралуу болуп жатат. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 12-майда маалымат жыйынында соода борборлорунун биринин кызматкеринен коронавирус табылганын маалымдаган болчу.
Добавить комментарий ×