Бишкекте эс алуу күндөрү коомдук унаалар менен кошо такси кызматы да иштебейт

25 июнь 2020 18:06 873 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте эс алуу күндөрү коомдук транспорттор менен кошо такси кызматтары да иштебейт. Бул тууралуу брифинг учурунда Бишкек шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаевдын берген маалыматына таянып «Барометр» билдирет.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык абал оорлошуп баратканына байланыштуу убактылуу чектөөлөр киргизилип жатат.

«Бүгүн комиссия токтом кабыл алды. Анда 27-июндан тарта ар жуманын ишемби жана жекшемби күндөрү коомдук унаалар жана жергиликтүү таксилер калаада токтойт. Бул коронавирустун көрсөткүчүн төмөндөтүүгө багытталды», - деди Түлөбаев.

Ошондой эле, ар дүйшөмбү сайын шаардын «Дордой» базарынан тышкары бардык базарлары дезинфекциялоо үчүн жабылат.

«Эгерде кырдаалды колго ала албасак, шаарды карантинге жапканга туура келет», - деп кошумчалады Мэриясынын аппарат жетекчиси.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-es-aluu-kndr-koomduk-unaalar-menen-kosho-taksi-kyzmaty-da-ishtebejt



Добавить комментарий