Бишкекте эркек киши 18 жаштагы кызды бычактап, өзү 5-кабаттан боюн таштады

24 июль 2021 11:48 1641 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте 43 жаштагы эркек 18 жаштагы кызды бычактап өлтүрүп, өзү 5-кабаттан боюн таштады. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.

20-июлда милицияга бычактан жаракат алган кыз тууралуу маалымат түшкөн. Кыз Московская көчөсүндөгү көп кабаттуу квартирада жаткан.

Окуя болгон жерге Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам иликтөө тобу барган. 2003-жылы туулган Т.К.,нын көкүрөгүнө учтуу нерсе менен сайгыланган. Кызды ооруканага алып барышкан кезде каза тапты.

Милициялар бул ишке шектүү 1978-жылы туулган М.Б.,ны аныкташты. Ал 5-кабаттан секирип кеткен. Учурда буту сынып, мээси чайкалып ооруканада жатат.

Тергөө уланууда.

 

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-erkek-kishi-18-zhashtagy-kyzdy-bychaktap-z-5-kabattan-boyun-tashtady



Добавить комментарий