Чүйдө адам өлтүрүүгө шектелген 17 жаштагы бала кармалды

16 июня 2021 10:13 1178 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

Кечээ, 15-июнда Чүй облусунун Панфилов районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнин басма сөз кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

Маалыматка ылайык, 14-июнда милицияга зомбулук менен өлтүрүлгөн адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Панфилов РИИБдин кызматкерлери барган.

Бул факт боюнча Жазык кодексинин 130-беренесине (адам өлтүрүү) ылайык кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан каза болгон жарандын өздүгү такталган. Ал 1964-жылы туулагн Кум-Арык айылынын тургуну болгон. Аталган кылмышка шектелип, 2004-жылы туулган өспүрүм кармалып, тергөө абагына киргизилген.

Тергөөнүн жүрүшүндө, шектүү менен маркумдун ортосунда чыр чыкканы маалым болгон. Өспүрүм кишини ур-токмокко алып, качып кеткен.

Ссылка: https://barometr.kg/chjd-adam-ltrg-shektelgen-17-zhashtagy-bala-karmaldy



Добавить комментарий