Бишкекте эреже бузган чет өлкөлүк жана транзиттик номурлуу 1 636 унаа аныкталды

20 апрель 2021 12:55 1900 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарында милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан 3 ай ичинде 1 631 жол эрежелерин бузган чет өлкөлүк номурлуу автоунаалар аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

"Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери 2021-жылдын 1-чейрегинин ичинде каттоо нөөмөтү өтүп кеткен, түзүлгөн протоколдор үчүн айып пулдарын өз убагында төлөбөгөн, ошондой эле ар кандай жол эрежесин бузган чет өлкөлүк жана транзиттик номурлуу 1 636 авто унааны аныктады. Алардын ичинен 337  Россияныкы, 33 Арменияныкы, 50 Азербайжандыкы, 1 139 транзиттик номурлар, 77 жана башка чет өлкөлүк номурлуу авто унаалар. Булардын баарына КРнын бузуулар тууралуу кодексинин  беренелеринин негизинде тийешелүү протоколдор толтурулду. Анын ичинен 39 чет өлкөлүк автоунаалар ар кандай багытта жол эрежелерин бузгандыгы үчүн, убактылуу  токтотуучу короо жайына киргизилди.

Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматы атайын коопсуз шаар долбоорунун алкагында койулган видео көзөмөлдөрдөн жашынып, же видео көзөмөл жазбайт деген түшүнүк менен каттуу ылдамдык менен айдаган айдоочуларга, ошондой эле каттоо нөөмөтү өтүп кеткен чет өлкөлүк транзиттик номерлүү авто унааларга карата мындан арыда текшерүү жана чара көрүү иштерин улантат",- деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-erezhe-buzgan-chet-lklk-zhana-tranzittik-nomurluu-1-636-unaa-anyktaldy



Добавить комментарий