Бишкекте экстремизмди алдын алуу боюнча эки күндүк семинар өтүп жатат

12 февраль 2024 16:02 2144 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте экстремизмди алдын алуу боюнча эки күндүк семинар башталды. Бул тууралуу ИИМдин маадыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, 12-февралда Бишкек шаарындагы Парк отель мейканканасында ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын демилеси менен “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары экстремисттик ишке каршы аракеттенүү боюнча Аймактык ведомстволор аралык комиссиянын ишин ишке киргизүү”  аталышындагы  семинар башталды.

“Ага ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын жетекчилери менен кызматкерлери, Бишкек шаарынын мэриясынын жооптуу кызматкерлери, райондук администрациялардын акимдеринин орун басарлары, жергиликтүү бийликтин, өзүн-өзү башкаруу органдарынын жана жарандык уюмдардын өкүлдөрү, укуктук эксперттер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар экстремизмге жана терроризмге байланышкан маселелер боюнча көз караштарына, изилдөөлөрүнө, тыянактарына салыштырылып даярдалган баяндамалары менен чыгышып,   дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргызстанда экстремизмди жана терроризмди алдын алуунун жолдору, бул багыттагы мыйзамдарда каралган жаза жоопкерчилиги, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана укук коргоо органдары тарабынан аткарылып жаткан иштер,  экстремизмди алдын алууда ЖМКнын ролу боюнча маселелерге токтолушту.

Өз кезегинде ИИМден келген өкүлдөр  дагы сөз сүйлөшүп, эксперттердин, катышуучулардын суроолоруна жооп беришти. Алар экстремизмди жана терроризмди алдын алуу боюнча ИИМ тарабынан аткарылып жаткан иштерге, Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган диний уюмдардын ишмердүүлүгү боюнча маалыматтарга токтолушуп,  Кыргыз Республикасынын “Экстремисттик ишке каршы  аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамындагы каралган жоопкерчиликтер боюнча кенен түшүндүрмө беришти”, -деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-ekstremizmdi-aldyn-aluu-boyuncha-eki-kndk-seminar-tp-zhatat



Добавить комментарий