Бишкекте эки бала митингге чыгып, “Кенесарынын башын кайтарууну” талап кылды
Социалдык тармактарда колуна “Верните голову “Кенесары” деген плакат көтөрүп Ала-Тоо аянтына митингге чыккан эки баланын сүрөтү тарады.
Интернет колдонуучулар алар Казакстандын жарандары болушу ыктымалдыгын жазышууда. Айрым колдонуучулар митингге чыккандарга күлүштү. Себеби соцтармактын колдонуучулары мындай өтүнүч менен Россияга кайрылуу керектигин, анткени, Кененсарынын башы ал жакка белек катары берилгенин эске салышты.
Кенесары Касымов Абылай хандын небереси. 1802-жылы туулган. Мамлекеттик ишмер жана казак хандыгын бийлеген акыркы башчы. 1847-жылы ал кыргыздар менен болгон согушта каза болгон.
Анын сөөгүн издегендер ушул кезге чейин бар. Кенесарынын сөөгү Кыргызстандын аймагына коюлган деп айтылат, ал эми башы тартуу катары Омск аймагына жеткирилген.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-eki-bala-mitingge-chygyp-kenensarynyn-bashyn-kajtaruunu-talap-kyldy
Добавить комментарий ×