Бишкекте эгемендүүлүктүн 27 жылдыгын белгилөөгө 3,7 миллион сом жумшалат
Бөлүшүү:
Бишкекте эгемендиктин 27 жылдыгын белгилөөгө мэрия 3,7 миллион сом жумшайт. Бул тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, бул каражат майрамдык иш-чараларды уюштуруу жана чыгармачыл топ менен эстрада ырчыларын чакырууга жумшалат.
Порталда жарыяланган маалыматта, сынакка катышуучуга өнөрпоздорду, ырчыларды камтыган майрамдык иш-чаранын сценарийин түзүү талабы бар. Мындан тышкары уюштуруучу майрамдык сахнаны жасалгалоо, фото-видеого тартуу иш чараларын да уюштурууга милдеттүү болот.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-egemendiktin-27-zhyldygyn-belgilg-37-million-som-zhumshalat
Добавить комментарий ×