Ден соолукту чыңдоо борборунун жетекчиси акысыз кызматтар үчүн жарандардан акча алып жүргөн

23 ноябрь 2023 15:01 1878 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ден соолукту чыңдоо борборунун жетекчиси акысыз кызматтар үчүн жарандардан акча алып жүргөн. Бул тууралуу ИИМдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, саламаттык сактоо министрлигинин ведомстволук уюмдарынын биринде кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталган. 

“Бишкектеги ден соолукту чыңдоо борборунун бир катар жетекчилери кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланып, документтерди жасалмалоо жолу менен акысыз көрсөтүлгөн  кызматтары үчүн жарандардан мыйзамсыз акча алып жаткандары аныкталды. Түшкөн акча каражаттары жеке муктаждыктар үчүн пайдаланылган. Ошондой эле 2022 -жылы  негизсиз алынган кирешенин суммасы 1000000 сомдон ашык экени аныкталды.  Бул уюмдун мурдагы жылдардагы ишмердүүлүгү текшерилип жатат.

Учурда чогултулган материалдардын негизинде ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду. Иликтөө иштери жүрүп жатат”, -деп айтылат маалыматта. 



Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-den-sooluktu-chydoo-borborunun-zhetekchisi-akysyz-kyzmattar-chn-zharandardan-akcha-alyp-zhrgn



Добавить комментарий