Бишкекте дем алыш күндөрү такси кызматы иштейт
Такси айдоочуларына санитардык талаптарды сактоо менен дем алыш күндөрү иштөөгө уруксат берилди. Бул тууралуу шаардык мэрияга таянып «Барометр» билдирет.
Дем алыш күндөрү коомдук унаалар менен кошо такси кызматтарына иштөөгө киргизилген чектөө алынды.
Анын айымында, такси кызматына санитардык норманы катуу көзөмөлдөө шарты менен гана уруксат берилди.
«Дем алыш күндөрү коомдук транспортту чектөө жөнүндө» жарлыкка борбор калаанын вице-мэри, эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиясынын төрагасы Татьяна Кузнецова киргизген.
Такси кызматынын айдоочуларына жана жүргүнчүлөрүнө санитардык-гигиенаны туура сактап, беткап жана антисептик колдонуп, унаанын ичин таза кармап, убак-убагы менен желдетип туруу зарыл экени айтылды.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-dem-alysh-kndr-taksi-kyzmaty-ishtejt
Добавить комментарий ×