Бишкекте дайынсыз болуп изделип жаткан 17 жашар кыз табылды

5 август 2022 13:07 966 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте төрт күндөн бери дайынсыз болуп изделип жаткан 17 жаштагы кыз аман-эсен табылды. Бул тууралуу Ленин РИИБнын маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет

Маалыматка ылайык, дайынсыз болуп жаткан кыз бүгүн, 5-августь күнү саат 10:30дар чамасында табылган. 

"Дайынсыз болуп изделип жаткан  2005-жылы туулган М.Н. аман-эсен табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди.
Милицияга 2-августь күнү Бишкек шаарынын А.Н. аттуу тургуну кызы М.Н.ны издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган. Ал  2005-жылы туулган кызы 1-августь күнү саат 21:30дар чамасында Бишкек шаарынын Посёлок көчөсүндө жайгашкан үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес экенин айткан. Бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз жоголгон жашы жете элек кыздын кайда экени белгисиз болуп келген.
Милиция кызматкерлери жашы жете элек М.Н. менен ата-энелерине түшүндүрүү профилактикалык баарлашуу өткөрдү.

Учурда иштин бардык жагдайлары такталууда", -деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы балдардын коопсуздугуна коркунуч жаралган учурда дароо жакынкы милиция бөлүмүнө кайрылып, күнү-түнү иштөөчү 102 номуруна чалууну эскертет.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-dajynsyz-bolup-izdelip-zhatkan-17-zhashar-kyz-tabyldy



Добавить комментарий