Бишкекте чет өлкөлүк жаранды камаласың деп коркутуп, пара алып жаткан милиция кармалды
Бишкек шаарынын Биринчи май районунун кылмыш иликтөө бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкери пара алып жатып, кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалыматта, 1-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкери, милициянын капитаны К.Т.Б. пара алып жаткан жеринен кармалганы айтылат.
“Такталгандай, кылмыш жообуна тартылып, камакка алынат деп коркутуу жолу менен чет элдик жарандан 150 000 сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган.
Кылмыш иштин алкагында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча Биринчи май районунун кылмыш иликтөө бөлүмүнүн улук ыкча кызматкери Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык кармалды жана андан аркы тергөө жана ыкчам иш-чараларын жүргүзүү үчүн КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди”, -деп айтылат маалыматта.
Добавить комментарий ×