Бишкекте Чач деген каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
Бишкек шаарынын криминалдык милициясы Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү деп ыкчам каттоодо турган “Чач” аттуу киши кармады. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.
Ага ылайык, “Чач” 26-февралда колго түшкөн. Ал буга чейин бир нече ирет соттолгон.
Ыкчам тергөө аракеттери учурунда “Тойота Камри” үлүгүндөгү чет элдик ноер тагылган машина токтотулуп, ичин тинтүү учурунда маркасы белгисиз болгон курал алынган.
Аны милиция бөлүмүнө алып келе жатканда каршылык көрсөтүп, сөгүнүп, милиция кызматкерлерин коркутканга чейин барган.
Ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилип, экспертиза дайындалды.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-chach-degen-kajmana-aty-bar-uyushkan-kylmyshtuu-toptun-mchs-karmaldy
Добавить комментарий ×