Бишкекте бир жумада ОРВИ менен 2,5 миңден ашык киши ооруду

9 январь 2020 11:48 2065 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте жыл жаңыргандан бери оор респиратордук вирустук оору (ОРВИ) менен 2533 киши ооруду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунан кабарлашты.

Ага ылайык, акыркы эле бир суткада ОРВИ менен 127 киши кайрылып, анын 37си ооруканага жаткырылган.

Санэпидкөзөмөл борбору ооруган учурда ооруканага кайрылуу керектигин эскертет.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-bir-zhumada-orvi-menen-25-miden-ashyk-kishi-oorudu



Добавить комментарий