Бишкекте Батырали Сыдыковдун 80 жылдыгына арналган көргөзмө өттү
Көрүнүктү партиялык, советтик ишмер, окумуштуу жана дипломат Батырали Сыдыковдун 80 жылдыгына арналган көргөзмө Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде өттү.
Дипломатты эскерүүгө замандаштары, кесиптештери, жердештери келишти. Алардын катарында чогуу окуган классташы - учурда академик Дүйшө Кудаяров, Кыргыз Республикасынын Эл акыны Меңди Мамазаирова бар.
Мындан сырткары Жогорку Кеңештин депутаты, "Кара-Суу" ынтымак коомунун төрагасы Алиярбек Абжалиев, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Султан Раев жана башкалар болду.
Академик Дүйшө Кудаяров мектепте чогуу окуп, Батыралы Сыдыковду үйлөнгөн учурунан бери эскерди. Эл акыны Омор Султанов жазуучу Чыңгыз Айтматов менен чогуу Батыралы Сыдыков Өзбекстанда Элчи болуп жүргөндөгү окуяларын эскерди. Сыдыковдун окумуштуулук дараметин болсо академик Аскар Какеев белгилеп кетти.
Эл жазуучусу Султан Раев Батыралы Сыдыковдун атасы Сыдык Алайчы (Бала ырчы) өз мезгилиндеги чыгаан акын болгонун, өз заманынын мыкты акындары менен айтышып, жеңүүчү болгонун эскерди.
“Батыралы Сыдыковдун агасы Акбаралы Сыдыков Москвадан билим алган Манасты алгачкы изилдеген, Чынгыз Айтматовдун чыгармаларын талдаган окумуштуу болгон”, - дейт Султан Раев.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-batyrali-sydykovdun-80-zhyldygyna-arnalgan-krgzm-tt
Добавить комментарий ×