Индиядагы фестивалга кыргыздарда катышты
Индияда «Сураджкунд Мела» аттуу эң ири Эл аралык кол өнөрчүлүк жарманкеси өтүүдө 2020-жылдын 1-16-февралында Харьяна штатынын Фаридабад шаарында жыл сайын өтүүчү «Сураджкунд Мела» кол өнөрчүлүктүн салттуу түрлөрү боюнча 34-эл аралык фестиваль өтүүдө Бул тууралуу Индиядагы Кыргыстандын элчилигинен билдирди.
Бул жылы фестивалда Индиянын жана 40тан ашуун өлкөнүн кол өнөрчүлөрү катышууда. Жыл сайын келүүчүлөрдүн саны 1,5 миллион адамды түзөт. Ошону менен, «Сураджкунд Мела» кол өнөрчүлүк боюнча дүйнөдөгү эң ири фестивалдардын бири болуп эсептелет.
КРнын Индиядагы Элчилигинин көмөгү менен бул жылы Кыргыз Республикасын 5 адам курамындагы кол өнөрчүлөр, анын ичинде КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлү, ошондой эле А.Шаршебаеванын жетекчилиги астындагы «Үч муунак» комузчулардын тобу көрсөтүүдө. Жарманкеде ата мекендик агропродукциясы менен «Арсланбоб» кыргыз-индия компаниясы да катышууда.
Өзгөчө жаркын маанайга толгон ата мекендик кол өнөрчүлөрдүн продукциясынын кеңири спектрин көрсөткөн өлкөнүн экспозициясына фестивалдын коноктору жигердүү келүүдө. Кыргызстандын делегациясына фестивалдын катышуучуларына жана конокторуна улуттук кийим жана сувенирлер түрүндөгү кол өнөрчүлүк буюмдарын, айыл чарба продукциясын, жана ошондой эле музыка жана аспаптарын көрсөтүүгө жакшы мүмкүнчүлүк көрсөтүлдү.
Ссылка: https://barometr.kg/indiyadagy-festivalga-kyrgyzdarda-katyshty
Добавить комментарий ×