Бишкекте баня, унаа жуучу жай, бассейндерге кайрадан иштөөгө уруксат берилди

27 июль 2023 11:10 1000 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте  ичүүчү сууга чектөөлөр алынды. Бул тууралуу мэриянын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Бишкек шаарында ичүүчү суу боюнча абалдын жакшырышына байланыштуу унаа жуучу жайларды, мончолорду, бассейндерди жана башка объектилерди иштетүүгө уруксат берилди.

“Ичүүчү суунун жетишсиздигин жоюу боюнча активдүү иш-чаралардын алкагында унаа жуучу жайлардын, мончолордун, бассейндердин жана суу менен камсыздоого көз каранды башка объекттердин иштөөсүнө убактылуу чектөөлөр алынып салынды.

Аталган объектилердин ээлери «Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын чектөөнүн убактылуу пломбасын өздөрү чечип, бул тууралуу райондогу кураторуна билдире алышат.

0312 56 60 12 - Ленин району;

0312 56 60 86 - Биринчи май району;

0312 59 51 61 - Октябрь району.

Ичүүчү суунун тартыштыгынан улам мурда киргизилген чектөөлөр көптөгөн ишканаларга жана шаар тургундарына кыйынчылыктарды жана ыңгайсыздыктарды жаратты. Бирок, бизнес чөйрөсүнүн жана калктын биргелешкен аракетинин натыйжасында көйгөйдөн чыгууга жана суу түтүктөрүндөгү жүктү азайтуу мүмкүн болду.

Кырдаалдагы оң өзгөрүүлөргө карабастан, «Бишкексууканал» башкармалыгы бардык тараптарды мындан ары да суу ресурстарына кам көрүүгө жана ичүүчү сууну үнөмдүү пайдаланууга чакырат”, -деп айтылат маалыматта. 



Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-banya-unaa-zhuuchu-zhaj-bassejnder-kajradan-ishtg-uruksat-berildi



Добавить комментарий