Бишкекте аял айдоочу жөө адамды коюп кетти
Бөлүшүү:
Бүгүн, 25-февралда, Toyota Highlander үлгүсүндөгү автоунааны айдап бараткан аял жөө адамды коюп кетти.
Милициянын патрулдук кызмат башкармалыгынан кабарлашкандай, 1960-жылы туулган Т.А. аттуу аял Жаманбаев менен Худайбергенов көчөлөрүнүн кесилишинен 1984-жылы туулган А.А. аттуу аялды коюп кеткен.
Жабыркаган аял ооруканага жеткирилип, анын таманы сынып, бутунун сөөктөрүнөн жарака кеткени белгилүү болгон.
Экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-ayal-ajdoochu-zh-adamdy-koyup-ketti
Добавить комментарий ×