Бишкекте аскерий жүк ташуучу автоунаа дүкөндү барып сүздү – сүрөт
Бишкекте аскерий жүк ташуучу машина дүкөндү барып сүзгөнүн күбө билдирип, кырсыктын сүрөтү менен бөлүштү.
Анын айтымында, аскерий жүк ташуучу машина Батыш автовокзалы жактан тротуарга чыгып кетип, андан кийин дүкөндү барып сүзгөн.
Кайгуул кызматынан кабарлашкандай, “ЗиЛ” машинасы Daewoo Lanos менен кагышкандан кийин дүкөндү барып сүзгөн. Жол кырсыгы бүгүн, 29-февралда эртең менен саат 08:00дөр чамасында Жибек Жолу менен Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Бактыга жараша жабыр тарткандар жок.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-askerij-zhk-tashuuchu-avtounaa-dknd-baryp-szd-srt
Добавить комментарий ×