Бишкекте айдоочусу жок такси пайда болгону тууралуу маалымат такталды
Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын өкүлдөрү Бишкекте чыны менен эле айдоочусу жок такси пайда болдубу же жокпу деген маалыматты тактап чыгышты. Мындай кабар социалдык тармактарда тарап жаткан болчу.
Башкармалыктын берген маалыматына таянсак, тиешелүү инспекторлор Бишкектеги такси кызматтарынын биринин өкүлдөрү менен жолугушуп, алар айдоочусуз таксинин жоо жайын инспекторлорго түшүндүрүшкөн.
Такси кызматынын өкүлүнүн айтымында, мамлекеттик номери 01KG 711AEE болгон «Тойота-Камри» унаасы жарнамалык видеоролик тартуу ишине катышкан.
“Видеоролик 6-7-мартта тартылган. Чындыгында унаанын рулунда айдоочу отурган болчу, ал отургучтун жабуусунун алдына жашырылып коюлган”,-деп айтылат башкы башкармалык тараткан маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-ajdoochusu-zhok-taksi-pajda-bolgonu-tuuraluu-maalymat-taktaldy
Добавить комментарий ×